reforef.ru 1
2011-жылдын 1-жарым жылдыгындагы январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча экономикалык жөнгө салуу министринин

Учурдагы жылдын 1-жарым жылынын натыйжалары өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшыруусун көрсөттү. Реалдуу экономикалык өсүш болжолдуу деңгээлден 1,3% ашып, 5,5 % - ти түздү.

Өндүрүш боюнча ИДПнын түзүмүнө таянсак, 1-жарым жылдагы жетишкен экономикалык өсүшкө негизги салым өнөр жай өндүрүшү жана кызмат көрсөтүүлөр секторлору тарабынан камсыз кылынды, алардын кумиративлүү салыштырмалуу салмагы 72,7%,
ал эми суммалык салым – 5,78 пайыздык пунктту түздү. Агрардык сектордун таасири нейтралдуу болуп, 0,1 пайыз пунктун, ал эми курулуш секторунуку терс көрсөткүчтү (-0,39) пайыз пунктун түздү.

Салыштыруу үчүн 2010-жылдын 1-жарым жылдыгында экономиканын 4,4 пайызга өсүшү өлкөнүн ИДПсын түзгөн бардык башка секторлор боюнча өндүрүш кыскарган убакта Кумтөрдү кошо алганда өнөр жай өндүрүшүнүн эсебинен (салым 7,0 пайыздык пункт) гана жетишилгендигине көңүл буруңуздар.
1-жарым жылдыктагы экономиканын жакшы өсүшүнө карабастан жана 2011-жылдагы күтүлгөн экономикалык өсүштүн 6,0% деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк болбой жаткандыгына көңүлүңүздөрдү бурам, биз 2009-2010-жылдардагы экономикалык жоготуулардын ордун толтуруп, 8,4% түзгөн, 2008-жылдагы жетишилген экономикалык өсүштүн деңгээлине чыга албай жатабыз.
Кыргызстандын экономикасы отчеттук мезгилде мурдагыдай эле бир катар ички жана тышкы факторлордун таасири алдында өнүктү. Негизги соода өнөктөрүндөгү өлкөлөрдөгү туруктуу экономикалык өсүш Кыргызстандын экономикасын жакшыртуунун жагымдуу факторлорунун бири болуп калды: (Россия - 3,9%, Казакстан – 7,1%, Кытай – 9,6%. Белоруссия - 11% (ушул жылдын июндагы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өтө өрчүп кетиши менен соода темпинин өтө өсүшүнүн эсебинен).
Өлкөнүн экономикасына оңдуу таасир көрсөткөн башка факторлор төмөнкүлөр болуп калды:

• алтындын баасынын 1 унция үчүн 1326-1553,4 доллар деңгээлинде болушу (2011-ж. январь-июнь);


• Россия тарабынан Кыргызстанга сатылуучу нефть продуктуларына экспорттук алымдарды алып салуу;

• Азык-түлүккө, анын ичинде дан азыктарына учурдагы жылдын мартынан тартып дүйнөлүк баанын турукташуусу;

• Негизги соода өнөктөштөрүндө (Россия, Казакстан) инфляциянын көрсөткүчтөрүнүн солгундугу (5-5,4 %).

Жагымсыз тышкы факторлорго төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:

• 1-жарым жылда баррелль үчүн (BRENT) 23% га 92ден 112 долларга чейин чийки нефтиге дүйнөлүк баанын өсүшүнө байланышкан тобокелчиликтер;

• Импорттук тамак-аш азыктарына жогорку баанын сакталышы (акшак, май, кант);

• Бажы Союзунун иштей баштагандыгынан улам Казакстан менен чек арадан экспорттук продуктунун өтүшүнүн татаалдашы.
Экономикага таасир берүүнүн ички жагымдуу факторлору төмөнкүлөр болуп калды:

жагымдуу факторлор:


  • Жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн фермерлерге жеңилдиктүү кредит берүү (2011-жылдын 1 - июлуна карата айылдык товар өндүрүүчүлөргө 564,5 млн. сом суммасында 4727акча кредити берилген);

  • Ишкердик субьекттер үчүн салыктык референциялар, анын ичинде тигүүчү жана текстиль тармактарына салык салууну жеңилдетүү жана жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле КНСтен бошотуу: (1) курулуш жана айнекти бышыруу жайларын реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарларды жана (2) аффинаждалган алтын менен күмүштүн эритиндилерин экспортко берүү;

  • Текшерүүлөрдү, лицензиялардын санын кыскартуу жана мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөштүрүү боюнча иш, бул үчүн мамлекеттик контролдоо органдары тарабынан чексиз текшерүүлөрдүү болтурбоо үчүн “Ишкердик субьектерин текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2011-жылдын 22 июлундагы тобокелдик жана текшерүү баракчаларын киргизүүнү караган Мыйзам кабыл алынган.
  • 2010-жылдын 1-жарым жылы үчүн 2,6% га салыштырганда экономиканы кредиттөөнүн 8,2%га өсүшү;


  • Ушул жылдын 1-кварталындагы 1,1% га төмөндөөгө салыштырганда жалпы депозиттик базанын 3,3% га көбөйүшү;

  • Акча базасынын жана акчалардын жүгүртүүдөгү тийиштүүлүгүнө жараша 2,8% га жана 5,2% га өсүшү.

Ички жагымсыз факторлор төмөнкүлөр болуп калды:

• өсүмдүктөр продукциясынын баасынын сезондуу өсүшү;

• бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (20,7% - орточо пайыздык ставка).

Инфляциялык фон керектөө бааларынын, негизинен товарлардын азык-түлүктүк топторуна баалардын өсүшү тенденциясы менен монетардык эмес факторлордун таасири алдында түзүлдү, мындай баалар керектөө корзинасынын көлөмүнүн 48% түзөт.

Атап айтсак эттин баасынын өсүшү экспорттун көбөйүшүнүн натыйжасында ички рынокто жумуштун кыскарышынан улам 15% түздү.

Мындан тышкары кант – 15,6%, нан азыктары жана акшактар – 12,7 %, жер-жемиштер – 16,5 % кымбаттады.

Ошол эле учурда Россиядан нефтепродукттарды жеткирүүгө экспорттук төлөм алып салынгандан кийин отчеттук мезгилде бензинге болгон баа 8 %ке төмөндөдү.

Азык-түлүк эмес товарлар 3,4%ке, ал эми калкка кызмат көрсөтүүлөр 4,2%ке өстү.

Натыйжада ушул жылдын 1-жарым жылдыгында инфляциянын деңгээли 2010-жылдын декабрына карата 7,2 % - ти түздү.


Жылдын аягында инфляциянын деңгээли 15,5 %- ти түзөөрү күтүлүүдө, бул болжол азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнүн дүйнөлүк тенденциясын жана билим берүү, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүнү кошкондо, ички факторлорду эске алуу менен түзүлдү.

Маалымат үчүн:

Отчеттук мезгилде керектөө товарларына болгон баанын өсүшүн токтотуу үчүн Өкмөт бир катар нормативдик укуктук актылар иштеп чыкты, алар адилетсиз атаандаштыкка бөгөт коюуга багытталган, буга “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору да кирет, бул Мыйзам долбоору кабыл алынды жана Президент тарабынан кол коюлду.


Ошондой эле монополистик ишти болтурбоо жана чектөө максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылга табигый жана уруксат берилген монополиялардын республикалык жана региондук реестрлери түзүлүп, бекитилди, аталган реестрлерге киргизилген чарбакер субъекттердин саны 197 болду.

Негизги соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн инфляциясы төмөнкүдөй болду (2010-жылдын декабрына карата): Казакстан – 5,4 %, Россия – 5,0 %, Кытай – 5,4 %, Белоруссия – 36,2 %, Еврозона боюнча жалпы алганда – 2,7 %.
Отчеттук мезгилде АКШ долларынын сомго болгон расмий курсу 2011-жылдын башынан бери 3,9%ке азайып, 1 АКШ долларына 47,0 сомдон 45,3 сомго чейин төмөндөдү (2010-жылдын январь-мартында 2,6%ке көтөрүлгөн).
Өлкөнүн ИДПсын түзгөн экономиканын секторлорундагы жагдай төмөнкүдөй болду.

Өнөр жай жаатында өсүштүн үлүшү көп болуп (3,35%) дээрлик 14%ти түздү, ал болжолдуу көрсөткүчтөн 2,2%ке көп.

Жалпы алганда өнөр жай өндүрүшүнүн 15 тармагынын 10унда өсүш темпи болду, буга энергетика – 25,8%, кен казуу – 11,2%, текстиль жана тигүү өндүрүшү – 37%, курулуш материалдарын өндүрүү – 27,3% болду.
Жалпы алганда өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмү 2011-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн төмөнкүдөй болду:

– Кумтөр – 56,1%

– Энергетика – 16,4%

– Өнөр жай өндүрүшүнүн калган бөлүгү – 27,5%.

Көрүнүп тургандай Кумтөр азыр да өнөр жай өндүрүшүндө көп үлүштү ээлейт. Отчеттук мезгилде анын таасири 2010-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырганда иш жүзүндө нейтралдуу болду.

Ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн экономикалык өсүшкө тийгизген таасири олуттуу болуп (2,43%), реалдуу өсүш 5, %ти түздү, бул көрсөткүч болжолдуу көрсөткүчтөрдөн 1,8 процентке ашты.

Көрүнүп тургандай 2010-жылдан кийин бул чөйрө жандана баштады. Бул чөйрөдөгү өсүштүн булактары болуп соода кызмат көрсөтүү – 2,9%, транспорт жана байланыш – 13,9%, мейманкана жана ресторандар – 6,9%, финансылык кызмат көрсөтүү – 9,2% эсептелет.


Ички сооданы жөнгө салуунун натыйжалуулугунун жогорулатуу үчүн Өкмөт тарабынан “Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыкты, ошондой эле «Дордой» жана «Кара-Суу” буюм базарларын өнүгүү программасы иштелип чыкты.

“Соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө азык-түлүк товарларын ташуу, сактоо жана сатууда табигый чыгымдардын нормаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору товардык жоготууларды аныктоонун бирдиктүү тартибин камсыздоо максатында даярдалган.

Экономикалык өсүшкө агрардык сектордун таасири дыйканчылыктын сезондуу факторунун, ошондой эле мал чарбачылыгындагы төмөнкү көрсөткүчтөрдүн натыйжасында отчеттук мезгилде бейтарап болду.

2011-жылдын 1-жарым жылдыгында айыл чарбасы тарабынан ИДПнын түзүлүшүнө салым 0,1% деңгээлинде бааланат.

Ушул жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2011-жылга себүү аянттарынын түзүмүнө олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди, ал аштык буудайдын, кант кызылчасынын, май өсүмдүктөрүнүн, пахтанын, тамекинин үрөнүн себүү аянтын көбөйтүүнү, ошондой эле 2012-жылдын түшүмүн коюу үчүн күздүк себүү аянтын кеңейтүүнү эске алат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы № 71 токтому).

Ошентип, дан өсүмдүктөрүнө себүү аянты 2010-жылдагы 619,6 миң гектардан 2011-жылы 631,4 миң гектарга чейин өстү.
Капиталдык салымдардын жалпы көлөмү каржылоонун бардык булактары боюнча реалдуу түрдө 3,7%ке төмөндөдү жана 15,8 млрд. сомду түздү.

Мында тышкы булактардан капиталдык салымдарды каржылоо көлөмү 83,5%ти, ал эми ички булактардан – 16,5%ти түздү.

Экономиканы капиталдаштыруунун реалдуу көлөмдөрүн кыскартуунун натыйжасында курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 2011-жылдын январь-июнунда да реалдуу түрдө 11,2%ке төмөндөдү жана 12,4 млрд. сомду түздү. Курулуш секторунун экономикалык өсүштүн темпине болгон таасири терс болду жана (-0,4%ти) түздү.

Курулуштун реалдуу көлөмдөрүн азайтууга таасир берген негизги факторлор төмөнкүлөр болду:


  • Баанын өсүшүнөн курулуш материалдарына суроо-талаптын азайышы;

  • 2011-жылга республикалык бюджеттен обьектерди капиталдык куруу программасы ушул жылдын 2 июлунда гана бекитилген, ошондуктан көптөгөн иштер али баштала элек. 2010-декабрында республикалык бюджеттин каражаттары бөлүнгөн обьектерда гана иштер жүрүп жатат.

Азыркы убакта республикалык бюджеттен каржылануучу үчүн капиталдык курулуш обьектеринин тизмеси бекитилген жана 225,6 млн.сомдогу планданы 94,5 млн.сом суммасында, тактап айтканда 41,9% ушул жылдын 19 июнунан тартып каржыланган.

  • инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү жана өлкөдөн капиталдын чыгып кетиши (жылдын башына карата көптөгөн инвестициялык долбоорлор ишке ашырылбай, республикалык, ошондой эле региондук деңгээлде токтоп калган).

Бишкек жана Ыссык-Көл облусунун экономикасына негизги капиталга дээрлик 60% инвестиция, Жалал-абад жана Чуй облусунун экономикасына – 21%, калган облустарга 20% инвестиция салынгандыгын белгилей кетүү керек.
2011-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасынын жана социалдык-маданий багыттагы обьекттеринин калыбына келтирүү боюнча 2011-жылдын биринчи жарымдагы иштер , 1,36 млрд.сом суммасында каржыланган, алардан 1, 14 млрд.сом сарпталган.
Тышкы сооданын көрсөткүчтөрү 2011-жылдын январь-май айынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүчө болду:

Тышкы соода жүгүртүүсү 2011-жылдын январь-май айына салыштырганда 22,4%и өстү жана 2,1 млрд.АКШ долларын түздү. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүүчү көрсөткүчтөрдү эске алганда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү жалпысынан экономикада 2008-жылдын деңгээлине жетпейт.

Товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө импорттун үлүшү 65%ти, экспорттуку – 35%ти түздү. Бул учурда экспорт 18%ке өстү жана 755,2 млн. АКШ долларын түздү, жалпысынан алтындын эсебинен анын салыштырма салмагы экспорттун түзүмүндө 70%ке жетти.


Импорт 24,9%ке көбөйүп, 1395 млн. АКШ долларын түздү. Соода балансынын сальдосу терс болду жана 640,3 млн.АКШ долларын түздү, бул 2010-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 34%ке көп.

Жалпысынан соода балансынын терс сальдосу акыркы жылдары төмөндөп бара жатат, бул болсо жалпысынан экспорттук тармактардын атаандаштыгын мүнөздөөчү индикатор болушу мүмкүн.Ошондой болсо да азыркы учурда бул тенденция негизинен алтынды экспорттоонун нактык көрсөткүчтөрүн көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынууда.
Жашоо-турмуш деңгээлин жана сапатын мүнөздөөчү социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй түрдө болду:

2011-жылдын январь-май айында эмгек акынын орточо өлчөмү 7822 сомду түздү жана номиналдык жактан 20,6%ке өстү, бул финансылык секторду, транспортту, байланышты ж.б. кошкондо экономиканын айрым тармактарында анын жогорулашы менен байланышкан.

Өзүңөр билгендей Өкмөт 2011-жылдын 1-майынан тартып билим берүү уюмдарынын кызматкерлер үчүн эмгекке акы төлөө жаны шарттарын киргизди. Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү анын өлчөмүн кеминде эки эсе жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бул максаттарга республикалык бюджеттен толук көлөмүндө (5.5.млрд сом) финансылык ресурстар каралган.

Мындан тышкары айыл жериндеги мектептерге адистерди, ошол жерлерде жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерге 20 сааттык ишке тартуу максатында айына 1000 сом өлчөмүндө кошума акы төлөө белгиленет.

Ушул менен катар саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жаңы система боюнча эмгек акыны жогорулатууга 693,4 млн сом суммасында кошумча каражат бөлүнгөн.

Өкмөттүн күч-аракетине карабастан эмгек акы, өзгөчө региондордо төмөн бойдо калууда. Бишкек шаарынан тышкары бардык региондордо эмгек акынын орточо өлчөмү республикалык орточо деңгээлден төмөн бирок жашоо минимумунан жогору деңгелде түзүлдү. Ош жана Баткен облустарында отчёттук мезгилде орточо эмгек акынын төмөнкү өлчөмүн 4576 жана 5468 сом деңгээлинде, ал эми жогорку өлчөмү Бишкек шаарында (10938 сом) болду, бул республика боюнча жалпысынан эмгек акысынын орточо өлчөсүн өн 40% ашык.
Пенсиялардын орточо өлчөмү ушул жылдын 1-майынын тартып пенсиялардын өлчөмүн Өкмөт жогорулаткандыгына байланыштуу 3110 сомду түздү жана 2010-жылдын 1-жарымына салыштырганда 19%ке өстү.
Эмгек рыногунда абал акырындык менен турукташууда. 1-июлдагы абал боюнча иштебеген калктын саны 101,7 адамды түздү жана 2010-жылга салыштырганда 700 адамга азайды

Республика боюнча жалпы жумушсуздардын деңгээли 8,4% ти түздү. Ушул жылдын январь-май айларында 19 миңден ашуун адам ишке орноштурулду, (бул 2010-жылдын ушундай мезгилине караганда 2% ке көп)